Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова, Калмира Билимбек кызы коло үчүн күрөшөт
RU

Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова, Калмира Билимбек кызы коло үчүн күрөшөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатыны кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова коло үчүн күрөшөт.

Ал кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 68 кг салмакта мелдештин чейрек финалында кореялык Минжи Ханы 10:0 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда Мээрим Жуманазарова япониялык Ами Ишииге 2:6 эсебинде утулуп калды. Ал коло байге үчүн казакстандык Елена Шалыгина менен күч сынашат.

Калмира Билимбек кызы казак жана өзбек балбандарын утуп, жарым финалда кытайлык атаандашынаа 2:6 эсебинде алдырып жиберди.

Белгилесек, Астана шаарында күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 10-апрелде жыйынтыкталды. Анда Кыргызстан жалпы 7 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 3 коло) менен командалык эсепте 2-орунду ээледи.

11-12-апрелде кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда, ал эми 13-14-апрель эркин күрөш боюнча курама команда беттештерге чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11520