Садыр Жапаров Азия чемпионатына катышкан балбандарга колдоо сөзүн айтып, куттуктады
RU

Садыр Жапаров Азия чемпионатына катышкан балбандарга колдоо сөзүн айтып, куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында жеңишке жетишкен балбандарды куттуктады. Ал Facebook баракчасына калтырган билдирүүсүндө кыргыз балбандары мыкты күрөшүп, дайыма алдыңкы орундарды алып келет дейт.

"Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө. Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери - Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери - Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков.

Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет. Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!

Ошону менен бирге алдыда килем үстүнө чыгып, өлкө намысын коргой турган кыздарыбызга ийгиликтерди каалайм", - деди ал.

Белгилесек, Астана шаарында күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 10-апрелде жыйынтыкталды. Анда Кыргызстан жалпы 7 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 3 коло) менен командалык эсепте 2-орунду ээледи.

11-12-апрелде кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда, ал эми 13-14-апрель эркин күрөш боюнча курама команда беттештерге чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11515