Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалында
RU

Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалында

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыз-келиндер арасында өтүп жаткан Казакстандагы Азия чемпионатында Айпери Медет кызы финалга чыкты.

Ал 76 кг салмакта мелдештин чейрек финалында индиялык Прия аттуу спортчу менен күч сынашып, таза жеңишти камсыздады. Жарым финалда япониялык балбанды 2:3 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Кыргызстандык балбан финалда казакстандык Элмира Сыздыкова менен күч сынашат.

Белгилесек, Азия чемпионатынын алкагында 11-12-апрелде кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда, ал эми 13-14-апрель эркин күрөш боюнча курама команда беттештерге чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11521