Курманкул Зулушев көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун сапатына көңүл бурууну убада кылды
RU

Курманкул Зулушев көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун сапатына көңүл бурууну убада кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламентте бүгүн, 11-апрелде депутат Эмил Жамгырчиев Башкы прокурордон Бишкек жана Ош шаарларындагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун сапатына көңүл бурууну өтүндү.

Ал жыйында Кыргызстанда жер титирөөлөр катталып жатканын белгиледи.

"Жер титирөөнүн баллдары анчалык жогору болбогону жакшы. Бирок Түркиядагыдай титиреп кетсе, кесепети каргашалуу болот. Курулушка уруксат, көзөмөлдү Мамлекеттик курулуш комитети жүргүзөт. Уруксат берет, өзүнөн өзү карайт. Балким, имараттарды текшерип көрүш керек?" - деди депутат.

Ал ошондой эле транспорттук жана аскер прокуратураларынан үлгү алып, экологиялык нормалардын сакталышын текшере турган жаратылышты коргоо прокуратурасын түзүүнү сунуштады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура уруксат кагаздарын мыйзамсыз берип жатканын курулуштарга чара көрүлүп жатканын айтып, бирок курулуштун сапатын текшере электигине жооп берди.

"Негизи көңүл бурушубуз керек. Эксперттер менен биргеликте иш алып барышыбыз керек", - деди Зулушев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11526