Жакында эле "Электр станциялар" ишканасынан кызмат ээлеген жетекчи иштен алынды
RU

Жакында эле "Электр станциялар" ишканасынан кызмат ээлеген жетекчи иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Кеңешбек Мурзакматов кызматтан алынды. Мындай чечимди 10-апрелде "Электр станциялардын" директорлор кеңеши кабыл алганын Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

Кеңешбек Мурзакматов башкы директордун каржы маселелери боюнча орун басары кызматына 27-мартта дайындалган.

Мурзакматов "электр эсептегичтерин жеткирүү боюнча тендердик операцияларды өткөрүүдө коррупциялык схеманы уюштурган жана "Чыгыш электр" компаниясынын бюджетинен 2 миллион сомдон ашык каражатты менчиктеп алуу максатында чыгарып кеткен" деп шектелген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыр анын ордуна Нурлан Абакиров дайындалды. Маалым болгондой, ал буга чейин Бишкектин Ленин районунун прокурорунун жардамчысы болуп иштеп, унааны мыйзамсыз сатуу жана уурдоо боюнча жаңжалга аралашкан.

Башкы беттеги сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы/ Эргеш Жусубалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11538