Мурда коррупцияга айыпталган кызматкер "Электр станциялардын" жетекчилик кызматына барды
RU

Мурда коррупцияга айыпталган кызматкер "Электр станциялардын" жетекчилик кызматына барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Кеңешбек Мурзакматов болду. Бул туурасында Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

Башкы директордун буга чейинки орун басары Кубатбек Камбаралиев болгон. Ал 2020-жылдын декабрынан бери бул кызматты аркалап келген.

Ачык булактардан маалым болгондой, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин жаңы орун басары Мурзакматов 2011-жылы ЖЭБдин директорунун орун басары болуп турган. Кийинчерээк ал алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен эки жолу Мамлекеттик бажы комитети тарабынан кармалган.

Мурзакматов биринчи жолу 2012-жылы электр эсептегичтерин жеткирүү боюнча тендердик операцияларда коррупциялык схеманы уюштурганга жана "Чыгыш электрдин" бюджетинен акча каражатын чыгарып кеткенге шектелип кармалган. Ошол эле жылы "Селара" ишканасы аркылуу "Кыргыз улуттук электр тармагы" ишканасынын трансформаторлорун кымбаттатып саткан деп айыпталган. Анда мамлекеттик ишканага келтирилген зыян 2,5 миллион сомго бааланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11182