Башкы прокурор мурда жоопко тартылган чиновниктер бүгүн кайра кызматта отурганын айтты
RU

Башкы прокурор мурда жоопко тартылган чиновниктер бүгүн кайра кызматта отурганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев кылмыш жообуна тартылган чиновниктер кайра эле мамлекеттик кызматка келип жаткандыгын билдирди.

Учурда Зулушев парламентте Башкы прокуратуранын 2022-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчёт берип жатат.

"Бир жердин мамлекеттик актысын беш-он адамга берген чиновниктер бүгүн башка райондордо иштеп жатат. Ошондуктан мен аткаруу бийлигине да сунуш кылгам, сиздерден да суранат элем, мыйзам талаптарын күчөтүш керек. Эгер, кылмыш жоопкерчилигине тартылса ал кайра кызматка алынбашы керек. Бүгүнкү күндө ошондой адамдардын баары кызматтарда отурат", - деди Курманкул Зулушев.

Жыйында эл өкүлү Медер Алиев дагы коррупция беренеси менен көп адам жоопко тартылып, бирок ошого карабай коррупционерлердин саны төмөндөбөй жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11556