"Бул жалпыбыздын жеңишибиз". Айсулуу Тыныбекова күйөрмандарына ыраазычылык билдирди
RU

"Бул жалпыбыздын жеңишибиз". Айсулуу Тыныбекова күйөрмандарына ыраазычылык билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өткөн Азия чемпионатындагы кезектеги жеңишинен кийин күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

"Биздин капчыкта дагы бир алтын медаль! Кубанып, сыймыктанып турам!

Мен үчүн жеңишти көздөй бет алуу узак жана татаал жол болду… Жылдын өзү дагы көп сыноолор менен коштолду. Мени колдоп, мага ишенгендердин барына терең ыраазычылык билдирем! Бул жеңиш меники эле эмес, жалпыбыздын жеңишибиз! Сиздерге чоң рахмат!", - деп айтылат социалдык тармактагы баракчасындагы билдирүүсүндө.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 12-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөштө монголиялык спортчу Орхон Пуревдорж менен кез келип, 9:5 эсебинде утуп алган. Муну менен ал Азиянын беш жолку чемпиону болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11563