Ирактын абактарында канча кыргызстандык жаза өтөп жатканы айтылды
RU

Ирактын абактарында канча кыргызстандык жаза өтөп жатканы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ирактын абактарында учурда 41 кыргызстандык жаза өтөп жатышат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Тышкы саясий ведомствонун маалыматы боюнча, алар "Ирактын аймагында террордук ишмердүүлүк жүргүзүүгө" катыштыгы бар деп соттолгон.

Ошондой эле ушул жылдын 28-февралында Ирактын абагында жаза өтөгөн эки кыргызстандык өлкөгө кайтарылганын министрликтен кошумчалашты.

2021-жылдын март айында "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан кыргызстандык 79 бала репатриацияланган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11568