Кыргызстандан Россияга балыктарды экспорттоо кайра жанданат
RU

Кыргызстандан Россияга балыктарды экспорттоо кайра жанданат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Россияга балыктарды экспорттоо ушул аптада кайра жанданарын айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанда балык чарбасы активдүү өнүгүп жаткан тармак: акыркы үч жылда өндүрүш жыл сайын эки эсеге өскөн.

"Былтыр экспорт эки эсеге көбөйгөн. Тилекке каршы, балык азыктарын антибиотиктер менен реэкспорттогон абийирсиз ишкерлер бар. Алардын ишмердүүлүгүнөн биз жапа чектик. Россиядан комиссия келип, тогуз ишкананы изилдеп чыкты.

Ветеринардык башкармалыктын башчысы азыр Москвада, кечээ ал Россельхознадзордун жетекчиси менен жолугушту. Макулдашуу бар. Ушул аптада экспорт кайра жанданат, бирок бардыгы үчүн эмес. Талаптарга жооп бергендер үчүн гана. Тактап айтып коюшубуз керек, балык чарбасы менен алектенген бизнесмендердин көбү жаман ниет менен иш кылганын моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан ушундай көйгөй жаралды. Азыр маселени чечүүгө аракет кылып жатабыз, талаптарды иштеп чыкты", - деди министр.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11569