Шалаакылыкка айыпталган Бишкек ШИИББдин мурдагы башчысынин иши сотко өттү
RU

Шалаакылыкка айыпталган Бишкек ШИИББдин мурдагы башчысынин иши сотко өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айзада Канатбекованы жана аны ала качкандарды издөө иштерин уюштуруудагы шалаакылыгы үчүн айыпталып жаткан Бишкек ШИИББдин мурдагы башчысы Бакыт Матмусаевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов Facebook баракчасына жазды.

Айтымында, иш Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү.

Буга чейин УКМКнын тергөөчүсү Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча Бишкек ШИИББдин мурдагы башчысын шалаакылыкка айыптаганын жактоочу билдирген.

Эске салсак, Бакыт Матмусаев жана анын орун басарлары Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча коомчулукта нааразылык жараткандан кийин кызматтан алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11571