Казак генералы Кыргызстан аркылуу чет өлкөгө качкан. Кыргыз тарап иш козгоду
RU

Казак генералы Кыргызстан аркылуу чет өлкөгө качкан. Кыргыз тарап иш козгоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казак генералынын Кыргызстандын чек арасы аркылуу Түркияга качып кеткени боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Жандос Умиралиев журналисттерге билдирди деп маалымдайт informburo.kz.

Кыргызстанда Алматы облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Серик Күдебаевдин качып кеткенине байланыштуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча кылмыш иши тергелүүдө.

"Кыргыз тарап чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду", - деген Умиралиев.

Ал эми tengrinews.kz башкы прокурордун орун басарына шилтеме берүү менен жазган маалыматта издөө иштерине эң тажрыйбалуу кызматкерлер тартылганы айтылат.

"Кыргызстандык кесиптештерибиздин айтымында, Күдебаев "Манас" аэропортуна барып, андан ары Стамбулга учуп кеткен. Алар азыр ушундай маалыматтарды берип жатышат. Түркия менен келишимибиз бар, азыр алар менен иштешип жатабыз. Биз бардык маалыматты бере албайбыз. Анткени адам издөөдө жүргөндүктөн бул тергөөгө зыян келтириши мүмкүн", - деген ал.

Белгилесек, Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 362-беренесинин (Кызмат абалынан же ыйгарым укуктарынан аша чабуу) 2-бөлүгү боюнча айыпталып жаткан Алматы облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Серик Күдебаев өкүм чыгар алдында Казакстандан качып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11586