Президенттин Ош облусундагы жаңы өкүлү тааныштырылды. Жетекчинин резюмеси
RU

Президенттин Ош облусундагы жаңы өкүлү тааныштырылды. Жетекчинин резюмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп бүгүн, 14-апрелде Элчибек Джантаев дайындалды. Жаңы дайындалган жетекчини министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.

Жаңы дайындалган облус башчы тууралуу:

1973-жыл, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында төрөлгөн.

Эмгек жолу

  • 2002-2003-жылдары статист-экономист, Ак-Чий айыл өкмөтү;
  • 2003-2009-жылдары жооптуу катчы, Ак-Чий айыл өкмөтү;
  • 2009-2012-жылдары Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • 2013-2014-жылдары Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы;
  • 2014-2018-жылдары Ак-Суу районун акиминин орун басары;
  • 2018-2020- жылдары Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  • 2020-жылдын июнь айынан тартып өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
  • 2020-жылдын ноябрь айынан тартып өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • 2021-жылдын май айынан тарта Айыл чарба, суу жана Токой чарба министрлигинин аймактарды өнүктүрүү агенттигинин директору;
  • 2021-жылы Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11588