Ошто 3 окуучу атырга ууланган. Министрлик башкача билдирүү жасады
RU

Ошто 3 окуучу атырга ууланган. Министрлик башкача билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 6-класстын 3 окуучусу атырга ууланып, ооруканага түшкөн. Бул туурасында Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынан Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Маалым болгондой, 3 окуучу 14-апрелде кечинде "Тез жардам" менен ооруканага түшкөн.

"15-апрелде 2 бейтап жакшы болуп ооруканадан чыгарылган. Ал эми бир окуучу 3 күндө жакшы болуп, үйүнө чыкты. Алар атырга ууланышкан", - дешти ооруканадан.

Ал эми Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан бул маалыматты четке какты. Алардын маалыматы боюнча, окуучу кыздар орозо кармагандыктан жагымсыз жыттан улам тыныгуу маалында атыр колдонушкан. Андан киймин окуучу кыздардын башы айланган.

"Мектеп окуучулары атырга ууланган фактылар болуп жаткандыктан, директор өзү окуучуларды ооруканага алып барган. Текшерүүнүн жыйынтыгында эки кыздын абалы туруктуу деп, алар ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Дагы бир окуучу ата-энесинин өтүнүчү менен бир күн ооруканада калып, эртеси үйүнө кетүүгө уруксат берилген.

Окуучулардын абалы канааттандырарлык болгондуктан мектепке ата-энелерден эч кандай арыз түшкөн эмес", - деп билдиришти Билим берүү министрлигинен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11655