Президенттин иш башкармалыгы кофекана курууну пландап жатат. Инвестор керек
RU

Президенттин иш башкармалыгы кофекана курууну пландап жатат. Инвестор керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик курулуштар департаменти Бишкекке кофекана курууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун сайтына жарыяланды.

Аталган департамент Манас кең көчөсү, 28 дарегиндеги имараттын жанында "Жеңил металл конструкцияларынан кофекана куруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырат. Бул Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин дареги.

Долбоорго ылайык, мамлекет жер тилкесин берет, ал эми объектти жеке өнөктөш курушу керек. Инвестициялардын көлөмү 40 миллион сомго жакын.

Ишкерлер долбоордо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык документтерди тапшыра алышат. Алардын эсебинде финансылык ырастоо катары кеминде 3 миллион сом, андан тышкары салык жана башка төлөмдөр боюнча карызы, кредиттик милдеттенмелери жок болушу керек.

Маалым болгондой, "Флагман Строй Курулуш" ЖЧКсы өз инвестициясынын эсебинен аталган даректеги унаа токтотуучу жайга жеңил конструкциялардан заманбап имарат курууну сунуштап жатат.

Osoo.kg`нин маалыматы боюнча, аталган компаниянын негиздөөчүсү Бусурманкулов Нурбек Аттокурович. Бул маалымат Бишкек Башкы архитектурасынын башкармалыктарынын биринин мурдагы жетекчисинин ысымы менен дал келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11700