Биринчи Май РИИБдин жетекчисинин баласы акча талап кылганга шектелген. Ал акталды
RU

Биринчи Май РИИБдин жетекчисинин баласы акча талап кылганга шектелген. Ал акталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи Май РИИБдин башчысы Тилек Тюкебаевдин уулу Баатырбек опузалап пара талап кылуу боюнча кылмыш иши боюнча акталды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Ысык-Көл облустук сотунан маалымдашкандай, Каракол ШИИБдин тергөөчүсү Баатырбек Тюкебаев жана опер кызматкери А.К.Т. 20 миң сом опузалап талап кылганга шектелип кармалган.

Каракол шаардык соту эки милиция кызматкерин актаган. Ал эми облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11701