Муфтияттан Орозо эмнеге 30 эмес, 29 күн болгонун түшүндүрүштү
RU

Муфтияттан Орозо эмнеге 30 эмес, 29 күн болгонун түшүндүрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Муфтият Орозо айт 21-апрелде белгиленерин жарыялагандан кийин коомдо "Орозо 30 күн болуш керек" деген талкуулар орун алды. Буга байланшытуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан "Орозо канча күн болуш керек?" деген суроого жооп беришти.

"Жыл сайын Орозо айынын аяк ченинде "орозо 30 күн гана болушу керек" деген талаш-тартыштар күчөйт. Хадистерден белгилүү болгондой, ай кээде 29 күн болсо, кээде 30 күн болот. Рамазан айы деле ушундай, кээде 29 күн, кээде 30 күн болот. Элибизде Рамазан айы 29 күн болсо "ата-бабаларыбыз кылбаган нерсени кылып жатасыңар, ушул күнгө чейин эч качан 29 күн орозо кармалган эмес, кайдагыны чыгарасыңар" деп ызы-чуу салуу, нааразы болуу көрүнүштөрү байкалып жүрөт. Рамазан айы кээде 29 күн, кээде 30 күн болуусу табигый көрүнүш. 29 күн болобу же 30 күн болбу артыкчылыгы (сооп жана башка нерселери) азайбайт", - дейт Абибилла ажы Кадырбердиев.

Белгилей кетсек, 2023-жылдагы Рамазан айы 23-мартта башталган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11702