Бейтап менен дарыгердин урушу. Министрликтен окуянын жагдайларын айтышты
RU

Бейтап менен дарыгердин урушу. Министрликтен окуянын жагдайларын айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгер менен бейтаптын урушу боюнча билдирүү жасады. Мекемеден хирург бейтапка кол көтөргөн эмес дер билдиришет.

"Министрликтин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетованын маалыматына караганда, 18-апрелде Кара-Буура жалпы дарыгердик практика борборуна бейтап кайрылган. Ал улак тартыш учурунда жаракат алган. Дарыгер текшерүү жасап, сынык жок экенин айтып, сунуштарды берген. Бул учурда бейтап бир жери сынганын, ооруну сезип жатканын айтып туруп алган.

Ортодо кайым айтышуу болуп, алар коридорго чыкканда бейтап адисти чаап жиберген. Бүгүнкү күндө тараптар элдешип, чыр-чатакка чекит коюлган.

Дарыгерлер бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгилейбиз. Эгерде бейтапка адистин кызматы жакпаса башкасына кайрылса болот, бирок кол көтөрбөшү керек", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Талас облусунун Кара-Буура районунда дарыгер менен бейтап уруша кетип, экөө тең милицияга кайрылганы белгилүү болгон. Алар бири-бирин кол көтөрүүгө айыпташкан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11706