Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары биргелешкен компания түздү
RU

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары биргелешкен компания түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомун түзүү чечимин кабыл алды.

Маалымдалгандай, "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ААКны түзүүнүн негизги максаты артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн БАЭден түз инвестицияларды Кыргыз Республикасынын экономикасына тартуу. Мындан тышкары компания инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө, экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр жайды модернизациялоого, кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого басым жасайт.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун тең негиздөөчүсү болуп саналат.

"Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 млн долларды түзөт, инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 млрд долларга чейин болот. Төлөнгөн капитал компаниянын баштапкы түзүлүшү үчүн уставдык капиталдын 5%ын түзөт. Башкача айтканда, кыргыз тараптан 2,5 млн доллар суммасындагы уставдык капитал төлөнөт.

Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, чечимдин толук тексти менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11728