Екатеринбургда дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык бала табылды
RU

Екатеринбургда дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык бала табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Екатеринбург шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы кыгызстандык бала аман-эсен табылды. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, учурда окуучу ата-энеси менен чогуу.

Маалыматта айтылгандай, баланын жакындары жана Башкы консулдук полиция кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана бардык камкор жарандарга жашы жете элек кыргызстандыкты издөөгө катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, 21-апрелде саат 07:00дө өспүрүм мектепке кетип, үйүнө кайтып келген эмес. 22-апрелде ата-энеси полицияга кайрылганын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11781