Сот Жеңиш Разаковду дагы 2 айга камакта калтырды
RU

Сот Жеңиш Разаковду дагы 2 айга камакта калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узарды. Маалыматты Kaktus.kg сайтына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 20-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Разаковдун баш коргоо чарасы каралды. Анда соттун чечими менен мурдагы вице-премьер-министр 24-июнга чейин СИЗОдо калды.

Эске салсак, Разаков 2017-жылы Разаков кызмат абалынан пайдалануу менен ишеничине кирип, ишкердик жүргүзөбүз деп 1 000 000 доллар алып бербей койгонго айыпталууда. Жабырлануучу 2022-жылы милицияга кайрылып, 2023-жылы кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11796