ФИФАнын жетекчиси Кыргызстанга келип, Садыр Жапаров менен жолугушат
RU

ФИФАнын жетекчиси Кыргызстанга келип, Садыр Жапаров менен жолугушат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан (КФС) кабарлашты.

Маалыматка караганда, ФИФАнын жетекчиси Инфантино Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен 4-5-майда өлкөгө келет. Ал алдыдагы сапарында өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолугушат.

ФИФАнын жетекчиси Кыргыз Республикасынын президенти менен бирге FIFA Forward программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда.

"Жолугушууда ФИФАнын Кыргызстандын футбол союзунун демилгелерин колдоо маселелери, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11822