Кыргызстандын футбол курамасынын ким жетектей турганы белгилүү болду
RU

Кыргызстандын футбол курамасынын ким жетектей турганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович болду. Өлкөнүн футбол союзунан кабарлашкандай, ал буга чейин Словакиянын курамасын жетектеген.

Бүгүн, 24-апрелде футбол союздун аткаруу комитети жыйын өткөрүп, анда күндүн негизги маселеси катары улуттук кураманын башкы машыктыруусун бекитүү каралды. Жалпы 30 кишинин талапкерлиги каралып, анын ичинен 5 талапкер башкы машыктыруучуга ылайык деп танталды.

Натыйжада Кыргызстандын футбол союзунун аткаруу комитетинин чечими менен словакиялык адис Штефан Таркович улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп бекиди.

"Улуттук кураманын 50 жаштагы жаңы машыктыруучусунун УЕФА Pro машыктыруучулук лицензиясы жана Кыргызстандын курама командасын жетектөө үчүн жетиштүү тажрыйбасы бар", - деп айтылат маалыматта.

Штефан Тарковичтин жетишкендиктери:

  • "Bangkok Cup" Кубогундагы жеңиш/2018-жылдын март айы;
  • ЕВРО 2016/2016-жылдын июль айы плей-оффко чыгуу;
  • Словакия курама командасынын ФИФА рейтингиндеги эң жогорку орду (14-орун) / 2015-жылдын августу.
  • Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусу катары:
  • ЕВРО-2020га чыгуу / 2020-жылдын ноябрь айы.
  • УЕФАнын аналитиги болгон.

Эске салсак, 4-апрелде Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан расмий кеткени белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11794