Алмазбек Исманкулов мэрияга 3 млн сом жардам берген
RU

Алмазбек Исманкулов мэрияга 3 млн сом жардам берген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Көз микрохирургиясы" клиникасынын директору Алмазбек Исманкулов Бишкек мэриясына 3 млн сом берген. Бул каражат экологияны жакшыртуу максатына бөлүнгөнү Бишкек шаардык кеңештин 25-апрелдеги жыйынында белгилүү болду.

Анда депутат Казыбек Эргешов ("Ынтымак") акчанын сарпталганына, эч кандай тендерсиз эле полигонго жумшалып кеткенине кызыкты.

Вице-мэр Нурдан Орунтаев азырынча берилген сумманы кайтарууну эч ким талап кылбаганын айтты.

"Акчаны артка кайтаруу боюнча сот аркылуу талап болсо, кайтарып беребиз. Бул акчалар түтүн менен күрөшүү үчүн демөөрчүлүк жардам болчу. Анын бюджетке эч кандай тиешеси жок", - дейт Орунтаев.

Эргешов күмөн санап, Исманкуловго №6 оорукананын имаратын ижарага берүүнүн мөөнөтүн узартууга убада кылынганын, кийин ал жерден күч менен чыгарылганын айтты.

"Бул ижара мөөнөтүн узартууга тийиштүү да. Ал демөөрчү катары акча бөлүп берерин, а силер ижара мөөнөтүн узартышыңар керектигин айткан", - деди ал.

Орунтаев мындай келишимдер жок деди. "Бул эч кандай келишимдик мамилелерге тиешеси жок болчу. Бул жөн гана демөөрчүлүк", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11825