Кыргызстандын футболчулары июнда Иран, Афганистан менен беттешет
RU

Кыргызстандын футболчулары июнда Иран, Афганистан менен беттешет

Все самое интересное в Telegram

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы июнь айында Ирандын курамасы менен беттешет.

Оюн Борбор Азиядагы биринчи болуп эсептелген CAFA Nations Cup 2023 турниринин алкагында өтөт. Аймактык чемпионат 9-22-июнь аралыгында Ташкент жана Бишкек шаарларында болот.

Бүгүн, 26-апрелде чүчү кулак кармалды. Кыргызстандын курама командасы Иран жана Афганистан курамалары менен бир "В" тайпасына туш келди. Бул тайпанын беттештери Бишкекте өтөт. Оюндар:

  • 10-июнь - Кыргызстан - Афганистан
  • 13-июнь - Афганистан - Иран
  • 16-июнь - Кыргызстан - Иран футболчулары беттешет

Тайпада командалар бири-бири менен бир жолудан беттешет, группанын жеңүүчүлөрү финалга чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11842