Россияда кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бирөө каза тапты
RU

Россияда кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бирөө каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Курган облусунда кыргызстандыктар кырсыкка кабылды. Автокырсыктын кесепетинен каза болгондор бар экенин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 25-апрелде Щадринск шаарында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Honda Fit унааны кыргыз жараны башкарып бара жаткан. Айдоочу каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган кыргыз жараны Б.уулу алган жаракатынан улам жеринде каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу Н.Ч. жана 1999-жылы туулган жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Щадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган. Жабыркагандардын абалы туруктуу экени айтылууда.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргыз Республикасына "Жүк-200" жөнөтүү маселеси чечилүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык. Автор ПЛН.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11850