Кыргызстандын ТИМ кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу ызы-чуу Казакстанга чейин жетти
RU

Кыргызстандын ТИМ кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу ызы-чуу Казакстанга чейин жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын социалдык тармактарында Бахтияр Шакировдун сүрөтүн тиркеп, Тышкы иштер министрлигинин кызматкери COVID-19га каршы вакцина алып каза болду, деген маалымат тарап жатат. Казакстандыктар Шакиров алардын жараны деп ойлоп жатышат.

ММКлар бул маалыматты төгүндөп, сүрөттөгү адам Кыргызстандын ТИМинин кызматкери болчу, деп түшүндүрүү аракетин көрүп, ал 1-апрелде, каза болгон, бирок анын өлүмүнүн расмий себеби аныктала элек, деп жазып чыгышты.

Казакстандык ММКлар Казакстанда SinoPharm вакцинасы колдонула элек экендигин баса белгилешти.

"Биздин мамлекетибиздин жарандарын россиялык "Спутник V" препараты менен эмдеп жатышат. Бахтияр Шакировдун каза болушу COVID-19га каршы вакцинага жана Казакстан мамлекетине эч кандай тиешеси жок", - деп ММКлар жазышкан.

Эске салсак, Консулдук кызматтын директорунун орун басары Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда каза болгон. Алдын ала берилген маалымат боюнча, ал өзүнун дарылары менен барып, медайымдан ийне сайып берүүсүн суранган. Андан кийин өзүн жаман сезип, каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1186