Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базасынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууда
RU

Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базасынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскерий базаларынын техникалык даярдыгын жогорулатат. Бул туурасында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости жазат.

Шойгунун айтымында, АКШ жана анын союздаштары Борбор Азиядагы аскерий катышуусун калыбына келтирүү аракетин көрүүдө.

"АКШ жана анын союздаштары терроризмге каршы күрөштө көмөк көрсөтүү шылтоосу менен Борбор Азиядагы аскердик катышуусун калыбына келтирүүгө аракет кылууда. Биз аймактын аскердик инфраструктураны жайгаштыруу өтүнүчтөрүн өлкөдөгү стабилдүүлүккө түздөн-түз коркунуч катары карайбыз", - деген ал.

Шойгу белгилегендей, өз кезегинде Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларынын, ошондой эле мүмкүн болуучу чакырыктарга жооп кайтаруу боюнча башка күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатууда.

Айтымында, "НАТО өлкөлөрү Афганистандын аймагында жыйырма жыл болуп, андан кийин тез арада чыгып кетүүсүнүн жыйынтыгыда жаралган кырдаал үчүн эң чоң жоопкерчиликти тартышат".

"Алар жаңжалдан кийинки кайра куруунун негизги каржылык чыгымдарын көтөрүшү керек", - деген Шойгу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11892