Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун сабырдуулугуна таң калганын билдирди
RU

Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун сабырдуулугуна таң калганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Искендер Матраимов Министрлер кабинетиндеги кадр маселесине кызыкты. Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында ал Министрлер кабинети Кыргызстандын экономикасы тууралуу дайыма маалымат берип, бирок кадр саясаты тууралуу эч качан сөз кылбай турганын белгиледи.

"Кадрларды кантип тандайсыңар? Кээ бир мамлекеттик органдарда министрлер төрт-беш жолу алмашат. Эмнеге мындай болуп жатат?" - деп сурады депутат.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кадр саясаты өтө курч маселе деп жооп берди.

"Бизди 55 жаштан ашкандарды совет доорунун эң акыркылары деп айтууга болот. Калган кадрлар 90-жылдары тарбияланып, билим алышкан, талапка, билим деңгээлине жооп бергендерди гана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин резервине алат.

Министрлер өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара албагандыктан кетип жатышат.

Мен дагы, президент дагы министрлерге тиги же бул адамды орун басар же бөлүм башчы кылып алгыла деп көрсөтмө бербейбиз. Ал өзүнүн орун басарларын өзү дайындайт. Бул үчүн өзү жоопкерчилик тартат.

Министрлер өз командасы менен иштешет. Албетте, биз аймактык жана гендердик тең салмактуулукту сактоого аракет кылып жатабыз. Кызматтан дароо кетирбейбиз, оңдоого аракет кылабыз, сөгүш жарыялайбыз, дагы бир мүмкүнчүлүк беребиз. Ар бир адам өзүн далилдеш үчүн алты айдан бир жылга чейин убакыт бар. Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич абдан сабырдуу адам экен. Бирок ошондо дагы чектен ашкандарды, албетте, бошотот.

Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызматтан алынышы буга далил. Алты ай мурун өкмөттүн жыйынында биз тапшырма берип, текшерүү жүргүзгөнбүз. Акыры далил чогулткандан кийин иштен бошоттук. Жаңы ыйгарым укуктуу өкүл бизди уят кылбайт деп ишенебиз", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11898