Кыргызстандын эки балык чарбасына Россияга азыктарын экспорттоого уруксат берилди
RU

Кыргызстандын эки балык чарбасына Россияга азыктарын экспорттоого уруксат берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россельхознадзор Кыргызстандагы "Аква Пром" жана "Тянь-Шань Фиш" ЖЧКларына Россияга балык азыктарын экспорттоого уруксат берилгенин билдирди.

Мындай чечим Россельхознадзордун адистеринин 25-26-апрелдеги текшерүүлөрүнөн кийин кабыл алынганы маалым болду.

"Видеотекшерүүлөр Кыргызстандын ветеринардык кызматы тарабынан ишканаларга берилген кепилдиктерин тастыктады. Тагыраагы, кемчиликтерди жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүү, ошондой эле өлкөдө балык азыктарына байкоо жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүү жана балык ылаңдары боюнча эпизоотиялык көзөмөлдүн жүргүзүлүп жатканын ырастады", - деп айтылат Россельхознадзордун маалыматында.

Эми Кыргызстандын балык азыктары Россияга күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл менен ташылат, андан кийин ЕАЭБдин ветеринардык мыйзамдарында каралган сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрүнө ылайык үлгүлөр алынат.

Белгилей кетсек, буга чейин Россия Кыргызстандан сүттү, балыкты жана колбаса азыктарын экспорттоону токтоткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11909