Баткендеги килем фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды
RU

Баткендеги килем фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 27-28-апрелде өткөн "Кыргыз ажары-Баткен килеминде" аттуу кароо-сынак фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Улуттук маданий борбордон билдиришкендей, иш-чара быйыл алгачкы ирет уюштурулду. Фестивалга өлкө боюнча 50дөн ашык кол өнөрчү катышты. Көпчүлүгү Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунан келген. Мындан сырткары башка облустардан дагы бир катар кол өнөрчүлөр катышты.

Республикалык кароо-сынакка катышкан ар бир катышуучунун "Түктүү килем", "Арабий килем", "Таар килем", "Мурас килем" аталыштагы килемдеринен тандалып, кароо-сынакта аныкталды.

Жеңүүчүлөр калыстар тарабынан бааланып, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Жалпы байге фонду 300 миңди түздү.

  • 1-орун 20 миң;
  • 2-орун 15 миң;
  • 3-орун 10 миң сом жана дипломго ээ болушту.

"Түктүү килем" боюнча:

  • 1-орун Тажикан Арзыбаева, Лейлек району;
  • 2-орун Меринса Мусаева, Баткен району;
  • 3-орун Насиба Каратаева, Кадамжай району.

"Арабий килем" боюнча:

  • 1-орун Махбурат Абдиламитова, Баткен району;
  • 2-орун Айнура Сатыбалдиева, Лейлек району;
  • 3-орун Салима Мавлянова, Баткен району.

"Таар килем" боюнча:

  • 1-орун Садакан Исакова, Кадамжай району;
  • 2-орун Апиза Абдимомунова, Лейлек району;
  • 3-орун Абиба Айтматова, Кадамжай району.

"Мурас килем" боюнча:

  • 1-орун Мактым Кадырова, Лейлек району;
  • 2-орун Нурбүбү Марипова,Кадамжай району;
  • 3-орун Нурбуат Абдиева, Баткен району.

Ошондой эле мастер-класс көрсөткөндөргө 3 миң сомдон, катышуучулардын ар бирине миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11912