Өзбекстанда Референдум колдоо тапса Мирзиёев 2040-жылга чейин президент болушу мүмкүн
RU

Өзбекстанда Референдум колдоо тапса Мирзиёев 2040-жылга чейин президент болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстанда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда добуш берүү аяктады. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда саат 20.00дө Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумда добуш берүү аяктап, Ташкенттин убактысы менен саат 17:00гө карата өлкө боюнча 15 802 095 адам добуш берди. Бул шайлоочулардын 81,39%ы катышкандыгын түшүндүрөт.

Референдумдагы добуш берүү боюнча акыркы маалымат 1-майда жарыяланат.

Эгер өзгөртүүлөр колдоо тапса Шавкат Мирзиёев 2040-жылга чейин президент болушу мүмкүн. Ал экинчи мөөнөткө кайра шайланууга укук алат.

Маалыматка ылайык, референдумга добуш берүүгө укуктуу деп 20 миллион жаран каттоого алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11941