Жапаров Өзбекстандагы референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен Мирзиёевди куттуктады
RU

Жапаров Өзбекстандагы референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен Мирзиёевди куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун өтүшүнө байланыштуу куттуктады. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашат.

"Сизди жана боордош Өзбекстандын элин өлкөнүн келечектеги маанилүү жана тарыхый окуяга айланган конституциялык референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздин жетекчилигиңиз менен Өзбекстанда туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана калктын бакубаттуулугун мындан ары жогорулатууга багытталган системалуу жана комплекстүү реформалар жүргүзүлүп жатканын кубаттайбыз.

Референдумдун жыйынтыктары Өзбекстан элинин кызыкчылыктарын, келечек муундун татыктуу жашоосун, ошондой эле республикада туруктуу социалдык-экономикалык өсүштү камсыз кылууга негиз болуп берет деп ишеним артам", - дейт президент.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен жетишилген бир катар маанилүү макулдашуулар жана кол коюлган документтер кыргыз-өзбек өнөктөштүгүн бардык тармактарда өнүктүрүүгө түрткү бергени абдан кубандырарын белгиледи.

"Биздин үзгүлтүксүз байланыштарыбыз эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүдө маанилүү роль ойноду деп эсептейм.

Мамлекеттерибиздин ортосундагы ынак коңшулук жана достук, саясий өз ара ишеним ырааттуу түрдө бекемделип, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейүүдө, биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ишке ашырылып, өз ара соодада оң динамика байкалууда, эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча ишибиз жигердүү улантылууда.

Жалпысынан биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында бир тууган элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар мындан ары да чыңдалып, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерибиз ырааттуу өнүгө берет деп терең ишенем.

Урматтуу, Шавкат Мирзиёев, сизге бекем ден соолук жана алдыга койгон бардык максаттарыңызды ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11952