Дайырбек Орунбеков Талас менен Нарындагы акыркы окуялар туристтерди чоочулатарын айтты
RU

Дайырбек Орунбеков Талас менен Нарындагы акыркы окуялар туристтерди чоочулатарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Таластагы уурулукка шектүүнү жазалоо, Нарындагы 7 жашар кыздын өлүмүнөн улам билдирүү жасады. Ал социалдык тармактагы баракчасына мындай окуялар туристтерди чоочутат дейт.

Айтымында, Кыргызстан башка өлкөлөр менен туризм жаатында атаандаша алат.

"Алдыңкы айларда туристтик сезон башталат. Андыктан негативдүү маалыматтарды, туристтерди чоочулаткан жаңылыктарды көп таратпай турсак.

Тилекке каршы, Нарында мас болуп алып жаш баланы зордуктап өлтүргөн, Таласта мал базардагы жапайычылык жазалоо деген сяктуу көрүнүштөр туристтик сезонго кесепетин тийгизет. Аны болсо биз барыбыз жарышып таратып жатабыз. Жаманды жашырып, жакшыны ашыралычы. Мына ушундай окуядан кийин Таласка, Нарынга бирөө келеби?!

Туризм өнүккөн башка өлкөлөрдө деле кылмыш, кырсыктар болот, бирок алар жарыялап, өз мамлекетинин кадыр-баркын төмөндөтпөйт", - дейт ал.

Орунбеков мүмкүн болсо жагымдуу маалыматтарды чет тилдерде жарыялап, туристтерди кызыктырсак пайдалуу болмок деген пикирде.

"Кырсык, кылмыштарды зарылчылык болуп баратса, кыргыз тилинде, майда шрифттер менен, жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак.

Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт.

Кырсык менен кылмыштын алдын алуучу, кесепети менен күрөшүүчү тиешелүү тармактарыбыз деле кемчилиги болсо да, Кудайга шүгүр, иштеп жатышат.

Албетте, бул пикирге айрымдар кошулбашы мүмкүн. Биз эркин өлкөдө жашайбыз, ар бириңиздердин өз пикириңиздер бар. Айрыкча соцтармактарда бирдеме десең эле бөйрөктөн шыйрак чыгарчуларыбыз да көп.

Эркин медиалардын көз караштары, принциптери, пикирлери да ар кыл болушу мүмкүн. Бирок урматту мекендештер, көз караштарыбыз окшош болбосо дагы мамлекеттин имиджин көтөрө турган маселеде бирдиктүү болсок.

Түшүнөбүз, маалымат сайттары окурман топтоо үчүн кырсык, кылмыш, агрессия аралашкан маалыматтарды таратышат. Кээ бир блогербиз дегендер мамлекетибиздин репутациясын түшүрө турган маалыматтар менен окурман чогултуп, сенсация жаратып, элдин көңүлүн буруу, катталуучу чогултуу деген жаман адат да таап алышкан. Мүмкүн болсо мына ушундай илдеттерден арылсак. Өлкөбүз бирөө эле, ал биздин - Кыргызстаныбыз", - деп өтүнүч келтирди Орунбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11957