Мал базардагы уурулук фактысына шектелип дагы бир киши кармалды
RU

Мал базардагы уурулук фактысына шектелип дагы бир киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас районунда мал базардагы уурулук фактысына шектелип дагы бир жаран кармалды. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Талас ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, мал базардагы уурулукка шектелген экинчи адам кармалды. Ал 1981-жылы туулган.

Белгилей кетсек, 30-апрелде Таластагы мал базардын биринде эркек кишин кармап, мамыга байлап койгон видео тараган. Аны жергиликтүүлөр акча уурдаганга айыпташкан. Кийинчерээк милиция кызматкерлери жерине барып, шектүүнү кармап кетишкен. Ал​ Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын ​1989-жылы туулган тургуну ​экени аныкталган. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 200 сом акча каражаты алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11964