Чүйдө жергиликтүү кеңештин депутаты аймактар аралык кастыкты козутууга шектелди
RU

Чүйдө жергиликтүү кеңештин депутаты аймактар аралык кастыкты козутууга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Ал аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип жатканын Чүй ОИИББден кабарлашты.

Маалымдалгандай, Аламүдүн РИИБине райондук прокуратура тарабынан А.Б. аттуу жарандын арызы боюнча материал түшкөн. Арызда Ленинское айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К.га чара көрүү өтүнүчү көрсөтүлгөн. Депутат 2022-жылдын 7-июнунда Ленинское айылынын жашоочуларын чогултуп, айылга башка аймактардан келген жашоочуларга карата өз эрежелерин түзүп, башка жактан келгендерге орун жок экендигин ачык билдиргенин айткан дешкен арыздануучулар.

Аталган окуя боюнча 2023-жылдын 2-апрелинде 330-берене (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул факты боюнча тергөө иштеринин жүрүшүндө бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, Ленинское айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К. тарабынан аймактар арасындагы кастыкты (аразчылыкты) ачык билдирип, мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөндүгү такталган.

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1979-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11966