Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСине дагы 200 млн. доллар грант берди
RU

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСине дагы 200 млн. доллар грант берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылап иштеп чыгуу үчүн 200 миллион доллар кошумча грант бөлүп берди. Бул туурасында энергетика министри Таалайбек Ибраев "Биринчи радионун" эфиринде айтты.

Министр аталган банк 2014-жылы 200 млн долларлык каражат бергендигин, бирок андан бери бир топ убакыт өтүп кеткенин белгилеген. Эми аны кайрадан жаңылоо зарылдыгы турганын айтты.

"Акыркы иш сапарда Дүйнөлүк банк менен Вашингтонго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги менен барып, жолуктук, презентация кылдык. Дүйнөлүк банк мурдагы 2014-жылы жасалган техникалык-экономикалык негиздемелерди актуалдаштырууга 200 млн доллар берген. Биз баргандан кийин дагы 200 млн доллар грант, баш-аягы 400 млн доллар грант берди. Буга документти бүгүнкү күндүн рыногуна ылайыкташтыруу зарыл", - деди Ибраев.

Министр бул жерде Дүйнөлүк банктын да чоң кызыкчылыгы бар экендигин жана учурда аталган долбоорго инвесторлор чыгып жатканын кошумчалады.

"2014-жылы жасалган техникалык-экономикалык негиздеменин баасы 2 млрд 800 млн доллар эле, эми андан бери канча жыл өттү. Көп нерсе кымбаттады. Азыр ошону жаңыртып жасап алып, баасын чыгарсак... кызыкдар болгондор да көп. Россия да "кошулуп курабыз" деп кызыгып жатат. Кытай дагы. Концорциумдагы Пакистан, Түркия жана Кытай компаниялары келген. Кыскача айтканда, бүгүн бизде тандоо бар", - деп билдирди ал.

Бийлик Камбар-Ата-1 ГЭСи ата мекендик энергетиканын флагманы болот деп жатат. Кубаттуулугу 1860 мегаватты түзүп, болжол менен жылына 5,6 миллиард киловатт-сааттык электр энергиясын өндүрөт деп болжолдонууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11981