Акбөкөн Таштанбеков Министрлер кабинетин ичкенди жактырган таанышына салыштырды
RU

Акбөкөн Таштанбеков Министрлер кабинетин ичкенди жактырган таанышына салыштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште депутат Акбөкөн Таштанбеков Министрлер кабинетин ичкенди жакшы көргөн таанышы менен салыштырды.

Белгилесек, Жогорку Кеңештин 3-майдагы жыйынында мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзам долбоору каралууда. Анда Таштанбеков айлыгын алгандан кийин кичине арак ичип алган таанышын эстеди.

"Бир таанышым кичине ичип алгандан кийин жолдон акчасын тарата баштайт. Балдарды да жакшы көрөт, алдынан чуркап чыккан балдар "ата, мага акча берчи" десе акчасын таратып салат. Бүгүн өкмөт ошол таанышымдай болуп жатат окшойсуңар, рахаттанып. Акчаны чогултасыңар, анан тендерлерге келгенде аябай чачып саласыңар", - дейт.

Каржы министринин орун басары Улугбек Календеров Министрлер кабинети борборлоштурулган сатып алууларды ишке ашырууну карайт деп жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12005