Судандан Москвага 6 кыргызстандык эвакуацияланды
RU

Судандан Москвага 6 кыргызстандык эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Судандагы согуштук аракеттердин уланышынан улам Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы элчилигинин жана Россиянын Хартум шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында 2-майда алты кыргызстандык Судандан эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эвакуацияланган Кыргызстандын жарандары учак менен (Россия тарап уюштурган) Москвага жеткирилди. Ал жерден аларды Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, мейманканага жайгаштырышты. Ал эми бүгүн, 3-майда Бишкекке жөнөтүүгө жардам беришти.

Кыргыз тарап эвакуацияны уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн россиялык кесиптештерине ыраазычылык билдирет.

Эске салсак, буга чейин Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына Суданга барбоону сунуштаган.

Башкы беттеги сүрөт: "Россииянын Коргоо министрлиги" Телеграм-каналы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12013