ТИМ кагылышуу болуп жаткан Суданда канча кыргызстандык бар экенин айтты
RU

ТИМ кагылышуу болуп жаткан Суданда канча кыргызстандык бар экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Суданга баруудан баш тартууга чакырды. Министрликтен учурда аталган өлкөдө армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында кырдаал курчуганын белгилешет.

Ал эми Суданда жүргөндөргө аэропортторго, аскерий базаларга жана өкмөттүк кварталга жакын аймактарга барбай, жашаган жеринде калуусун суранат.

Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда 7 кыргыз жараны бар, алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет. Бүгүнкү күндө элчилик Судандагы кыргызстандыктар боюнча маалыматтарды тактоо иштерин улантууда. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

Белгилесек, Судандагы кырдаал армиянын командири Абдель Фаттах аль-Бурхан менен анын орун басары, атайын күчтөрдүн командачысы Мохаммед Хамдан Дагалонун (Хамидти) ортосундагы пикир келишпестиктен улам курчуп кеткен. Натыйжада 15-апрелдин таңында Меро шаарындагы аскердик базанын жанында жана борбор шаар Хартумда армия менен атайын күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11768