Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде 3 адам иштейт. Алар...
RU

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде 3 адам иштейт. Алар...

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде иштеген кызматкерлердин коопсуздугу кандай деңгээлде камсыздалганына депутат Нурланбек Ражабалиев кызыкты. Бул туурасында ал парламенттин жыйынында тышкы иштер министринен сурады.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өткөн жылдын февраль айында "активдүү фаза" башталгандан кийин, апрель-май айларында кызматкерлер толугу менен эвакуацияланып, үч-төрт айга чейин Кыргыз Республикасында жүргөнүн айтты.

"Активдүү фаза басаңдай баштаганда кызматкерлердин айрымдары Украинага кайтышкан. Азыр ал жерде элчи, коопсуздук боюнча кеңешчи, техникалык кызматкер – айдоочу иштеп жатат. Үчөө күндүз элчиликте иштешсе, кечинде жашаган дарегин алмаштырышат. Активдүү фазада алар шаардан чыгып, кайра кайтышат. Күн сайын бизге кабар берип, башка элчиликтер менен байланышып турушат. Буга чейин 4-5 дипломат Венгриядан иштеген, бирок кийин аларды чакырып алганбыз", - деди Кулубаев.

Эске салсак, Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп Идрис Кадыркулов дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12019