Унаанын айнектерин караңгылатып жүрүүгө уруксат мөөнөтүн узартуу зарыл
RU

Унаанын айнектерин караңгылатып жүрүүгө уруксат мөөнөтүн узартуу зарыл

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Унаанын каптал айнектерин караңгылатууга уруксат 1 жылдык мөөнөткө катталат. ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемеси бул мөөнөт аяктагандан кийин уруксатты жаңыртуу керектигин эскертет.

Кыргызстанда 2022-жылдын 1-июнунан тарта унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүчү документтерди каттоо башталган.

Айнектери караңгылатылган транспорт каражатын уруксат кагазын каттабастан же уруксаттын мөөнөтү өтүп кеткенде эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин белгилейбиз.

Кыргызстанда унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу үчүн айып пул: жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч (20 000 сом), юридикалык жактарга 400 эсептик көрсөткүч (40 000 сом) деп белгиленген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12025