Камчыбек Ташиевге кат жазган кыздардын үй-бүлөсү жаңы турак-жайлуу болушту. Сүрөттөр
RU

Камчыбек Ташиевге кат жазган кыздардын үй-бүлөсү жаңы турак-жайлуу болушту. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылындагы 4 балалуу үй-бүлөнү жаңы турак-жайлуу кылды. Бул туурасында Ташиевдин жакыны Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөттөр менен бөлүштү.

Буга чейин бул үй-бүлөнүн кыздары Камчыбек Ташиевге кат жазып, жардам сурашкан. УКМКнын төрагасы кайрылууну кабыл алып, үй курууну колго алган.

Бүгүн, 4-майда бардык шарттары бар турак-жай айыл элинин катышуусунда үй ээлерине тапшырылды. Камчыбек Ташиев үйдүн ачкычын тапшырып жатып, бир нече жылдан бери жасалып келе жаткан кайрымдуулук иштерин мындан ары да улантарын баса белгиледи.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев 2022-жылы да Сузак районунун Барпы айыл аймагынын тургунуна үй куруп берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12049