"Дианур Строй" курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн уулу зордуктоо боюнча соттолду
RU

"Дианур Строй" курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн уулу зордуктоо боюнча соттолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дианур строй" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Аманжан Алахуновдун баласы Рамазан зордуктоого айыпталып, эркинен ажыратылды. Маалыматты Kaktus.media сайтына Жогорку Соттон билдиришти.

Такталгандай, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Рамазан Алахунов "Зордуктоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Бирок ал үч жылга пробациялык көзөмөл колдонуу менен жазасын өтөөдөн бошотулган.

Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Бирок жогорудагы өкүмдөр Жогорку Соттун жазык жана кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын чечими менен өзгөртүлгөн. Жазалардан пробацияны колдонуу алынып салынды, башкача айтканда, ал алты жылга эркинен ажыратылышы керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12052