АКШ элчилиги Атыр Абдрахматованын отставкасы боюнча комментарий берди
RU

АКШ элчилиги Атыр Абдрахматованын отставкасы боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Атыр Абдрахматованын отставкага кетиши боюнча комментарий берди.

Элчилик анын отставкасы боюнча добуш берүүнүн жүрүшү кыргыз өкмөтүнүн ачык-айкындуулук принциптерине берилгендигине тынчсызданууну жаратарын белгиледи.

"Акыйкатчы институту мыйзамдын үстөмдүгүн сактоодо жана ак ниет мамлекеттик башкарууга көмөк көрсөтүүдө маанилүү ролду ойнойт. Жогорку Кеңеште Атыр Абдрахматованын Кыргыз Республикасындагы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы боюнча баяндамасынан кийин кызматтан алуу боюнча добуш берүү өкмөттүн ачык-айкындуулукка умтулуусуна тынчсызданууну жаратат. Ал эми Кыргыз Республикасынын Адам укуктары боюнча кеңешке мүчөлүгүнө туура келбейт", - деп жазылган дипломатиялык өкүлчүлүктүн Twitter расмий баракчасында.

Эске салсак, 19-апрелде Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы адам укуктары боюнча баяндама жасаган. Депутаттар ага негизи боюнча суроо беришкен эмес, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Абдрахматованы ээлеген кызматынан бошотууну сунуштаган.

60тан ашык укук коргоочу жана бейөкмөт уюмдар акыйкатчыны саясий кысымдан коргоону президенттен суранышты. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары да бийликке кайрылышты. Ошого карабастан 3-майда депутаттар Абдрахматованын отставкасын колдоп добуш беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12056