Атыр Абдрахматова кызматтан алынышы боюнча үн катты
RU

Атыр Абдрахматова кызматтан алынышы боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган Атыр Абдрахматова Facebook баракчасына билдирүү калтырды.

"Эркин элдин эртеңи болот. Кыргызстандын эркиндигине кызмат кыл, мен чапкан жолдун сапарын улантар урпагым чыгарына ишенем" деген эле чыныгы элдик лидер Жусуп Абдрахманов. Мен да ишенем, Жусуп Абдрахмановдун урпактары көппүз. Эл тараза, тарыхты убакыт тастыктайт...", - деп айтылат анда.

Белгилесек, буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Атыр Абдрахматованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуштап, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети тарабынан колдоо тапкан.

3-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карап, 50 депутат "макул", бешөө "каршы" добуш берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12016