Путин Рахмонду Москвага Жеңиш парадына чакырды
RU

Путин Рахмонду Москвага Жеңиш парадына чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду Москвага Жеңиш күнүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышууга чакырды.

Тажискстан Республикасынын башчысынын сайтында маалымдалгандай, 5-майда телефон аркылуу сүйлөшүүдө алар Жеңиштин 78 жылдыгына карата куттуктоолор менен алмашышты.

Президенттер ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди, анын ичинде тажик-ооган чек арасындагы кырдаалды жана үстүбүздөгү жылга эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чаралардын графигин талкуулашты.

Путин Рахмонду Москвада Жеңиш күнүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышууга чакырды.

Эске сала кетсек, буга чейин Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Кыргызстандын президентинин парадга катышаарын тастыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12071