Жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелүүдө
RU

Жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Достук айылынын тургундары жергиликтүү кеңештин депутатынын аракетине нааразы болушуп, арыз менен милицияга кайрылышкан. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, айылдык кеңештин депутатына "алдамчылык" беренеси менен иш козголду.

Белгилүү болгондой, депутат суу өткөрөбүз деп тургундардан 3500 сомдон акча чогулткан. Бирок тургундар аткарылган иштерге нааразы болушкан - түтүктөр сапатсыз болуп, жарабай калган. Маалыматтарга караганда, ишти "И.К." аттуу жеке фирма жүргүзгөн.

Топтолгон материалдардын негизинде 209-берене (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү жүргүзүүдө.

Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Аламүдүн райондук жергиликтүү кеңештин депутаты И.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, депутат буга чейин да бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылып, келтирилген чыгым такталууда.

Аталган маселе боюнча жарандарда суроолор же арыздар болсо Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0312 36-35-23, 36-35-27.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12099