Лейлекте аскерлер менен жергиликтүү тургундар ортосундагы чырдан улам кылмыш иши козголду
RU

Лейлекте аскерлер менен жергиликтүү тургундар ортосундагы чырдан улам кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскердик прокуратура Баткендин Лейлек районундагы Мурас (Маргун) айылында жергиликтүү тургундар менен жоокерлер ортосундагы мушташка байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Маалым болгондой, жакынкы күндөрү тийиштүү экспертазалар дайындалат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, бир канча күн мурун социалдык тармактарда Лейлекте аскерлер менен жергиликтүү айылдын тургандарынын ортосунда мушташ чыккан.

Социалдык желелерде мушташ ошол жердеги дүкөнчү менен андан карыз алып жүргөн аскер кызматкерлеринин биринин ортосундагы араздашуудан улам тутанганы айтылып жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12156