ТИМ: Пакистандагы баш аламандыкта жаракат алган кыргызстандыктар жок
RU

ТИМ: Пакистандагы баш аламандыкта жаракат алган кыргызстандыктар жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пакистандагы ички саясий абалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды аталган өлкөгө барбай турууга чакырат.

Тышкы саясий ведомстводон учурда Пакистанда жүргөн кыргыз жарандарына коопсуздук чараларын күчөтүп, абал турукташканга чейин сак болууну эскертет.

"Пакистандагы акыркы окуялардан жаракат алган кыргызстандыктар тууралуу маалымат түшкөн жок. Элчиликтин + (92 51) 2250010, +(92) 330 3717771 ыкчам байланыш номерлери иштеп жатат, жарандар жардам керек учурда кайрылса болот", - дешет министрликтен.

Белгилесек, Пакистандын экс-премьери Имран Хан "Аль-Кадир траст" фондунун каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып менен камакка алынган. Андан кийин өлкөдө баш аламандык башталып, нааразычылык акциясы башталган. Тополоңдо жаракат алгандар жана каза болгондор бар экени айтылууда.

Абал курчуганына байланыштуу Пакистандын өкмөтү Исламабадга армиянын киришине уруксат бергенин чет элдик басылмалар жазышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12170